• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Дебитордук карыз 1,1 млрд сом. Бишкек мэриясынын түзүмдөрүндө аудит жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 23.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын айрым муниципалдык ишканаларында 1,1 млрд сомдон ашык дебитордук карыз чогулган.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай абал ишкана иш-аракеттерди туура эмес аткарганынан жана тийиштүү көзөмөлдүн жоктугунан келип чыккан.

Белгиленгендей, дебитордук карыздын себептерин аныктоо үчүн борбор калаанын мэриясы түзүмдүк бөлүмдөргө текшерүү жүргүзүүнү баштайт.

Аудит "Тазалык", "Бишкекжарык", "Бишкекасфальтсервис", "Бишкек токтотмолор жана унаа туруктары" муниципалдык ишканаларында, Шаардык чарба департаментинде жана "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасында жүргүзүлөт.

Келечекте башка шаар кызматтарында да ушундай текшерүүлөр өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий