• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Боронов: Күз-кыш мезгилинде калк жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз негизде камсыз болушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Күз-кыш мезгилинде калк жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз негизде камсыз болуусу шарт. Тийиштүү тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов калктын жана экономика тармагынын алдыдагы 2020-2021-жылкы күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык маселеси каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмесинде билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, COVID-19 пандемиясы жарандардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине белгилүү түзөтүүлөрдү киргизди.

«Коронавирустук инфекцияга каршы күрөш улантылып жаткандыгына карабастан, күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык сапаттуу жана өз учурунда жүргүзүлүүсү тийиш. Бул жыл вируска байланыштуу абалды эске алуу менен өлкө үчүн жооптуу болот. Быйылкы жылы адистердин божомолу боюнча, республикада суунун аз болушу күтүлүүдө, ал бир нече жылга созулушу ыктымал. Алсак, келерки жылы суу мындан да аз болушу мүмкүн. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жылдагыдан аз. Бул жергиликтүү жана ташылып келинген көмүрдүн, мазут жана газдын тийиштүү көлөмүн камсыздап алуу керектигинен кабар берет. Бардык факторлорду эске алуу менен, калкты жылуулук жана жарык менен үзгүлтүксүз негизде камсыз кылуу боюнча ар бир маселе боюнча тыкыр даярдык көрүү зарыл. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттин киреше бөлүгүндөгү чыгымдарга карабастан, жылытуу мезгилине карата даярдыктарды каржылоо маселесин ыкчам тартипте чечүүсү зарыл. Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдар электр эңнергиясынын альтернативдик булактарын карап чыгуусу жана электр энергиясын пайдалануунун белгиленген лимитин тыкыр сактоосу керек», – деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, дээрлик ар бир жылы техникалык жана коммерциялык чоң жоготуулар жөнүндө айтылып келет, бирок абалды өзгөртүүгө багытталган тутумдуу кадамдар али жок.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов энергетикалык тутумдун иши жана келерки жылытуу мезгилине даярдык боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

«Көмүр ташуучулар менен келишимдер түзүлгөн жана ал иштер башталган. Аймактарда калк, бюджеттик уюмдар, жана башка ири керектөөчүлөр үчүн ташылып келинүүчү көмүр алдын ала бөлүштүрүлдү. Республика боюнча 768 отун базасын жана көмүр сатуу пункттарын ачуу пландаштырылууда. Мазут жана газды керектөө боюнча эсептөөлөр жүргүзүлгөн. Электр станцияларын, от казандарын, электр жана жылуулук тармактарынын жабдууларын оңдоо иштери график боюнча жүрүүдө. Күтүлүп жаткандай, эртең Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,9 млрд метр кубду түзөт», – деди Эмил Осмонбетов.

Кубатбек Боронов белгилегендей, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү иштер график боюнча жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу отчет берүүдө.

«Бирок айрым райондордо калкты көмүр менен камсыз кылууда маселе бар. Аймактардагы отун базалары калкты арзан баада көмүр менен камсыз кылышы керек. Тиешелүү органдар көмүрдүн баасы боюнча маселени көзөмөлдөп турушу керек, андыктан баалардын негизсиз жогорулашын жана ортомчулар болбош керек», - деп белгиледи ал.

Премьер-министр чараларды өз убагында кабыл алуу жана энергетика тутумунун күз-кыш мезгилинде туруктуу жана үзгүлтүксүз иштеши үчүн алдыдагы жылытуу мезгилине кылдаттык менен даярдануу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий