• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Тынчтыкты сактап калуу максатында кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым

Президент 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. «Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп жарбоо максатында президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынындагы сөзүндө.

Ал анын кызматтан кетүү тууралуу чечимин тарых жана убакыт таразалай турганын билдирди.

«Мамлекеттин башына эң кыйын учур келгенде, жоопкерчиликти таштап кетип калууга акысы жок» деген элдин үнүн угуп, бул күндөрү болгон аракетимди жумшадым. Мен үчүн - өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик. Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү – баарынан кымбат. Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп жарбоо максатында президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым. Албетте, бул чечим коомчулук тарабынан ар кандай кабыл алынууда. Бул туура чечимби же жокпу – тарых жана убакыт таразалайт. Кудай алдында, кадырлуу журтумдун алдында жүзүм жарык. Ушул курак, ушул кызматка жеткенге чейинки топтогон тажрыйбамды мындан ары да элим үчүн колдон келишинче жумшайм», — деди ал.

Пикир

Оставить комментарий