• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Садыр Жапаров: Бийлик тынчтык жолу менен алмашууда

Президент 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Мамлекетте үчүнчү ирет төңкөрүш болду деген сөздү калтырбай, бийлик тынчтык жолу менен алмашууда. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирди.

"Бүгүн тарыхый учурга күбө болуп отурасыздар. 5-6-октябрдагы окуяларды турукташтырууга аракет жасабай, үйлөрүбүздө жатып алганда бүгүн мынтип отурбайт элек. Кудайга тобо эч кандай мародерчулукка, басып алууга алып барбай, мамлекетте үчүнчү ирет төңкөрүш болду деген сөздү калтырбай ушундай тынчтык жолу, мыйзамдуу жол менен бийлик алмашып жатканына ыраазы болушубуз керек. Мындан ары мага жүктөлгөн милдеттерди толук аткарууга, ички жана тышкы саясат мурда кандай келе жатса, бардык күч-аракетимди ошондой улантууга жумшайм", - деди ал.

Эскерте кетсек кечээ, 15-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган.

Президент кызматтан кеткенден кийин анын милдеттери Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. Төрага президенттин милдеттерин аткара албаган учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп өкмөт башчы дайындалат.

Белгилей кетсек Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий