• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Алдыда конституциялык реформа. Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоону жылдырууга макулдук берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга макулдук берди. Депутаттар "КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун үч окууда карап, тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу конституциялык реформаны жүргүзүү маселеси менен байланыштуу болууда.

Эскерте кетсек кечээ, 21-октябрь күнү БШК парламенттик шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин 9 депутаты - А. Жапаров, Т. Мамытов, К. Исаев, Ө. Текебаев, И. Өмүркулов, А. Сулайманов, Ж. Турускулов, Н. Алимбеков, Ө. Бакировдор демилгелеген.

Пикир

Оставить комментарий