• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

1-5-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.02.20. /Кабар/. 1-5-мартта республика аймагында күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 1-мартта түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-мартта күндүз, 2-мартта жана 3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

3-мартта күндүз Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

4-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-мартта күндүз жана 5-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

5-мартта эртең менен жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий