• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

1,5 миң россиялык турист Кытайдан үйүнө учуп келе албай жатышат

Дүйнө 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Кытайдын Хайнань аралынан 1,5 миң россиялык турист үйүнө кайталбай жатышат. “ИрАэро” авиакомпаниясы “Жемчужная река” туроператордун карыздарынан улам туристтерди Россияга алып баруудан баш тартууда. Бул тууралуу РИА новости сайтында кабарланат.

Ростуризм авиакомпаниянын бул аркеттерин мыйзамсыз деп табышкан. Ал эми билеттерди саткан компаниядан эч кандай маалымат жок.

Бул түзүлгөн абалды мекенине кетүүгө жаңы билет сатып алгандар баары бир жалгыз кете алышпайт, анткени көпчүлүгү группалык виза менен келишкендиги татаалдатууда. Андан тышкары алардын визасынын мөөнөтү бүтүүдө. Белгилүү болгондой мөөнөтүнөн өткөн виза үчүн россиялыктарга чоң айыптар салынат.

Ростуризмдин басма сөз катчысы Ирина Тюрина белгилегендей, туристердин визалык көйгөйлөрү дипломатиялык деңгээлде чечилет.

“Баардык туристтердин колдорунда билеттери бар. Мыйзамга жараша авиакомпания аларды ташууга милдеттүү. “ИрАэро” аларды мекенине убагында алып келиши керек болчу. Ведомства жетекчиси башкы прокуратура, ИИМге тиешелүү чараларды көрүүнү суранып, кайрылуу жөнөткөн”, - деп кабарлады ал.

Пикир

Оставить комментарий