• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкек шаарында 8 обсервация болсо, анын бешөө Ленин районунда жайгашкан – район акими

Коом 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарында 8 обсервация болсо, анын бешөө Ленин районунда жайгашкан. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын Ленин районунун администрациясынын башчысы Токтосун Султанов билдирди.

"4-майга карата Ленин районунда коронавирус оорусу тастыкталган 82 учур бар. Алардын ичинен 6 учур сырттан келгендер болуп эсептелет. Ошондой эле жакын чөйрөдө, башкача айтканда биринчи категорияда байланышта болгондордун саны 223тү түзөт. Алардын ичинен 62 адам байкоодон алынган. Бишкек шаарынын аймагында 8 обсервация болсо, анын бешөө Ленин районунда жайгашкан. Алар – Garden, Ак кеме мейманканалары, "Манас" университетинин жатаканасы, Интергельпо көчөсүндөгү жатакана жана Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору", - деди ал.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында коронавирус жуктурган жалпы 239 учур катталган.

Пикир

Оставить комментарий