• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

1 ай ичинде унаа салыгын өз убагында төлөбөгөн 1 миңден ашык жаранга айып салынды - МСК

Экономика 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 405 рейд жүргүзүп, анын ичинен 32си массалык маалымат каражаттары менен биргеликте өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча салыкты мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндүгү үчүн 1,7 млн. сом өлчөмүндө 1031 субьектке административдик айып салынган. Анын ичинен 1,4 млн. сому бюджетке өндүрүлдү.

Эскерте кетсек, унаа салыгын төлөө мөөнөтү бул жылы 4-сентябрда аяктады.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндөр үчүн административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөмүнүн ар бир өтүп кеткен күнү үчүн туум эсептелет.

Салык кызматы унаа салыгын төлөөгө жетишпей калган унаа ээлерин туумдун эсептелишинен качуу үчүн азыр да болсо төлөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий