• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

1-августтан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлдү

Президент 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул чечимдин негизги максаты - өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу жана шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу жана мамлекеттик башкаруу секторунда коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу.

Мамлекет башчысы калктын түрдүү катмарларынын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп жатат.

Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү жана социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды. Өткөн жылы аскер кызматкерлерине, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине дагы эмгек акы төлөөнүн жаңы деңгээли белгиленген.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын категориялар боюнча жогорулатуу төмөнкүдөй:

Министрликтер

Маселен, министрликтин бөлүм башчысынын учурдагы акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы орточо эсеп менен 34 миң 445 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 67 749 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 196,7%ды түзөт.

Мисалы, министрликтин жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 21 098 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 49 012 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 232,3% түзөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА)

Маселен, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 22170 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 41 319 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 186,4%ды түзөт.

Мисалы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетектөөчү адисине учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарыны ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эсепке алуу менен чегерилген эмгек акысы 18 213,4 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарынын белгиленген ченемдерине ылайык, эмгек акысы 35 940 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 197,3% түзөт.

Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү (АБ)

Маселен, аймактык бөлүмдүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 17 637,5 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 38 830 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 220,2%ды түзөт.

Мисалы, аймактык бөлүмдүн жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 14 442,4 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 32 110 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 222,3%ды түзөт.

Райондук маанидеги шаар мэриялары

Маселен, мэриянын бөлүм башчысынын учурдагы акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 16881,3 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 39 785 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 235,7%ды түзөт.

Мисалы, мэриянын жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акы төлөөнүн шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 13813,2 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 34 708 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 251,3% түзөт.

Айыл өкмөттөрү

Маселен, айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акы төлөө шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 16 125 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акысы 33 851 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 209,9% түзөт.

Мисалы, айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин эмгек акы төлөөнүн учурдагы шарттарына ылайык, социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген эмгек акысы 13 миң 184 сомду түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык, эмгек акы 27 706 сомду түзөт. Өсүү темпи орто эсеп менен 210,1% түзөт.

Пикир

Оставить комментарий