• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Августтан тартып 58 миңден ашык бюджеттик кызматкерлер жогорулатылган маяна ала баштады

Экономика 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-августунан тартып 58 миңден ашык бюджеттик тармактын кызматкерлери жогорулатылган маяна ала баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта бул президенттин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруунун алкагында мүмкүн болгондугу айтылат.

Бюджеттик тармактын кызматкерлерине төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;
- мамлекеттик мекемелерде иштеген мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлер;
- кенже техникалык кызматкерлер;
- күч түзүмүнүн штаттан тышкаркы жана жарандык персоналы.

"Бул максаттарга республикалык бюджетте 7 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Мамлекеттик кызматкердин орточо айлыгы 2021-жылы 22 миң 879 сомдон 2022-жылы 47 миң 953 сомго чейин өстү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий