• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Республиканын бардык мектептеринде 1-класска документтерди кабыл алуу башталды

Билим 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. 1-августтан тартып республиканын бардык мектептеринде 1-класска документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Анын айтымында, учурда ар бир мектепте санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте окутуунун форматын (салттуу же аралыктан окутуу) аныктоо үчүн талдоо жүргүзүлүп, мониторинг жүргүзүлүүдө.

“Ар бир регионго балдар үчүн билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктү түзүү үчүн мониторинг жүргүзүү тапшырылды, жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр менен биргеликте жакыр үй-бүлөлөрдүн аз камсыз болгон балдарын телевизор жана уюлдук телефондор менен камсыз кылуу боюнча иштер башталды”, - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле Өмүров, ар бир мектеп билим берүү уюмунда санитардык нормаларды так сактоо менен окуу китептерин 2020-жылдын 25-августуна чейин өз убагында берүүгө милдеттүү экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий