• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

1-декабрдан тарта Бишкекте кинотеатрлар менен фудкорттор иштей баштайт

Коом 0


Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. 1-декабрдан тарта Бишкекте кинотеатрлар менен фудкорттор иштей баштайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, 1-декабрда шаардагы театрлар да ачылып калышы мүмкүн.

“Өкмөттүн бир токтому бар экен. Ошол бизди кармап жатат. Токтом өзгөрсө кинотеатрлар менен фудкортторду 1-декабрга чейин ачып калышыбыз мүмкүн”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий