• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

1-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. 1-2-декабрларда абанын температурасы кескин төмөндөп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;

Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 0…5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…-7, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз +3…+5 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий