• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

1-февралга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 31.01.20./Кабар/. Эртең, 1-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбор билдирет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 6…11, Талас облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 6…11 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12 градус жылуу болушу күтүлөт.

Эртең, 1-февралда борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү температурасы -7…-9 градус, күндүз 8…10 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий