• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

1-январдан тарта биометрикалык паспортту даярдоо 290 сом турат

Коом 0

Бишкек, 09.01.18. /Кабар/. 2018-жылдын 1-январынан тарта биометрикалык ID-card алуу үчүн акы төлөнө баштады. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, паспортту алмаштыруу, жоголгон же жараксыз болуп калган паспортту калыбына келтирүү 290 сом турат.

Аты-жөнүн алмаштыруу кызматы – 320 сом турат.

Эскерте кетсек, биометрикалык ID-card берүү 2017-жылы башталган жана жыл бою акысыз жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий