• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МСК: 1-январдан тарта товарларды жүгүртүү менен алектенген ишкерлер ЭТТК колдонушу керек

Экономика 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттер 2023-жылдын 1-январынан тартып Салык кызматынын маалыматтык системасында каттоодон өтүүгө жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, "ЭТТК" системасында каттоодон өтүү Салык кызматынын сайтындагы "жеке кабинет" аркылуу ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, "ЭТТК" маалыматтык системасы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздөөгө, аларды реалдуу режимде контрагентке берүүгө мүмкүндүк берүүчү салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат.

ЭТТКнын эң негизги артыкчылыгы болуп анын ыкчамдыгы саналат, бул ишкерлерге контрагенттер менен бир канча мүнөттүн ичинде электрондук документ алмашууга мүмкүндүк берет, буга чейин контрагентке документтерди (кагаз жүзүндө) жөнөтүү бир нече күндү, ал тургай жумаларды талап кылып келген.

Иштин кагазсыз формасына өтүүгө байланыштуу кеңсе жана почта керектөөлөрүнө сарпталган чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле ички документ жүгүртүүнү оптималдаштыруу жана башкаруунун сапатын жакшыртуу мүмкүнчүлүгү дагы башка артыкчылыктардын катарына кирет.

Эске салсак, 2022-жылдын 15-майынан тартып мунай жана мунай заттарды, товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөр, 2022-жылдын 1-июлунан тартып Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүү менен алектенген салык төлөөчүлөр ЭТТК колдонушууда.

Азыркы учурда салык органдары жеринде ЭТТК колдонуу боюнча субъекттерди окутуу жана консультация берүү боюнча иштерди жүргүзүшүүдө.

Толук маалымат жана консультацияны "Внедрение ЭТТН" Telegram-каналынан же экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча салык органынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий