• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

1-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. 28-декабрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

29-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 29-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы ыктымал. Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы мүмкүн. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-31-декабрларда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

29-декабрда күндүз жана 30-декабрда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу райондорундагы жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

1-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлсө, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий