• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Эртең Ала-Тоо аянтында "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи утушу өтөт

Коом 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Эртең, 1-июлда Бишкектин Ала-Тоо аянтында "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи утушу өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Лотереянын шартына ылайык, биринчи турда 2 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана бизнес-өнөктөштөр тарабынан берилген башка баалуу байгелер ойнотулат.

Утуш эстрада ырчыларынын (Tamga, Eazy, InFamous, Элес, Арсен, Жетиген, Т.Арзыкеева ж. б.) катышуусундагы шаңдуу концерт жана кызыктуу шоу-программа менен коштолот.

Иш-чара саат 18:00дө башталат.

Саат 19.00дө утуштар "Ала-Тоо 24 " телеканалында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook, Instagram жана Youtube-каналында түз алып көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, 10-майдан бери республикада "Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясы өтүүдө.

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жана товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу зарыл. Андан соң мобилдик тиркемеге алынган кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү жетиштүү.

Чектер канчалык көп болсо, байгелердин бирине ээ болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

Бүгүнкү күндө лотереяга 60 миңден ашуун адам катышууда. Алар 3,2 млрд сомго кассалык чектердин "Салык чек" тиркемесинде сканерден өткөрүшкөн. Лотереянын катышуучуларына 3,2 млн лотерея белети (ID номер) берилди.

Эгер сиз кандайдыр бир себептерден улам лотереяга катыша элек болсоңуз, эми да бактыңызды сынап көрүүгө убакыт келди!

Лотереянын расмий сайты: lottery.salyk.kg

Пикир

Оставить комментарий