• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

1-июлдан тарта Бишкек-Жалал-Абад аба каттамы күн сайын аткарылат

Коом 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. TEZ JET авиакомпаниясы 1-июлдан тартып Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча каттамдарды күн сайын аткарууну пландаштырууда.

«Манас» эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө каттамдар жумасына 3 жолу (дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү) аткарылат.

Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча каттам TEZ JET авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шаршемби, ишемби күндөрү) аткарылат.

Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча каттам TEZ JET авиакомпаниясы тарабынан жумасына 2 жолу (шейшемби, бейшемби күндөрү) аткарылат.

Бүгүнкү күндө Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча каттамдар күнүнө 6 жолу аткарылууда.

TEZ JET авиакомпаниясы күнүнө 5 каттам аткарат.

Avia Trafic Company авиакомпаниясы күнүнө 1 каттам аткарат.

«Эйр Манас» авиакомпаниясы жумасына 3 каттам аткарат (өтүнмө каттын негизинде).

Пикир

Оставить комментарий