• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

1-июлдан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат

Коом 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын премьер-министри кол койгон. Аталган чечим маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

2021-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кире турган документке ылайык, “Улуттук” статусуна, же “академиялык” наамына ээ маданият мекемелеринин айлык акылары 20%га көтөрүлдү.

Мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен “Улуттук” статусу бар маданият мекемелеринин айлык акылары 80%га көтөрүлгөн.

Башка мекемелердеги маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин, анын ичинде жергиликтүү башкаруу органдарынын карамагында турган маданият, искусство жана маалымат кызматкерлеринин эмгек акыларын 50% га жогорулатуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий