• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

1-июлдан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларациялары текшериле баштайт

Экономика 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2018-жылдын 1-июлунан тарта мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин декларацияларын текшерүү боюнча кампанияны баштайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө МСКнын төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, эгерде декларацияда такталбаган же толук эмес маалыматтар аныкталган учурда, ал боюнча документтер юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилет.

“Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан баштап МСК өзүнүн расмий сайтына саясий, атайын, жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий жана жогорку администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелери, чыгымдары жана мүлктөрү тууралуу жыйынды маалыматтарын жарыялап баштайт”, - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, декларациялык кампания – 2017 үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 1-мартка чейин юридикалык жактар үчүн, 1-апрелге чейин жеке жактар үчүн жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий