• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

1-июлдан тартып аймактык юстиция башкармалыктарына документтерди апостилдештирүү боюнча ыйгарым укугу берилет – Юстиция министрлиги

Коом 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/.1-июлдан тартып аймактык юстиция башкармалыктарына документтерди апостилдештирүү боюнча ыйгарым укугу берилет. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жарандарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 8-январындагы №1 Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишин оптимизациялоо максатында, 2020-жылдын 1-июлунан тартып, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынан тышкаркы аймактык юстиция башкармалыктарына, юстиция органдарынан чыккан расмий документтерге, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, белгиленген тартипте нотариалдык жактан ырасталган жеке жана юридикалык жактардын документтерине апостиль мөөрүн коюу боюнча ыйгарым укугу берилет.

Ошентип, аймактардагы жарандардын жайгашкан жеринде апостиль коюу кызматы жеткиликтүү болот. Башка аймактарда жашаган жарандарга Бишкек шаарына келүү зарылдыгы болбойт.

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын жашоочуларына жогорудагы мамлекеттик кызматты көрсөтүү Юстиция министрлигинде жүргүзүлөт.

Кайрылуулар боюнча юридикалык даректер

к/н

Аталышы

Даректер

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппараты

Бишкек шаары,

Жаш Гвардия бульвары, 32

Ош юстиция башкармалыгы

Ош шаары, Ленин көчөсү, 312

Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгы

Жалал-Абад шаары, Кыргыз Республикасы көчөсү, 139 а

Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгы

Каракол шаары, Абдрахманов көчөсү, 105

Нарын облусунун юстиция башкармалыгы

Нарын шаары, Мамбеталы уулу Таранчы көчөсү, 18

Баткен облусунун юстиция башкармалыгы

Баткен шаары, 8-март көчөсү, 1

Талас облусунун юстиция башкармалыгы

Талас шаары, Ж.Тагайбаев көчөсү, 298

Пикир

Оставить комментарий