• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

1-июлдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолуучу бир катар товарларга КНСтин ставкасы 0% өлчөмүндө белгиленет

Экономика 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 24-июнундагы токтому менен 2021-жылдын 1-июлунан тартып салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортторго карата кошумча нарк салыгынын ставкасы нөл пайыз өлчөмүндө белгиленерин билдирет.

Чечим азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу жана чарбалык субъекттерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Атап айтканда, мындай ставка төмөнкү товарларга карата колдонулат:

  • 2021-жылдын 1-июлунан 31-августуна чейин – ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына импорттолуучу кант-кумшекер (ЕАЭБ ТСИ ТН коду 1701) жана өсүмдүк майы (1512);
  • 2021-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин ташылып келинген айыл чарба жаныбарлары (жылкылар (код 0101), бодо мал (0102), чочко (0103), кой-эчки (0104)), үй канаттуулары (0105).

Токтом 2021-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий