• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

1-июлга карата Россиянын “кара тизмесинен” 7 миң кыргызстандык чыгарылды - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. 2018-жылдын 1-июлуна карата Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын “кара тизмесинен” 7 миң кыргызстандык чыгарылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда “кара тизмеде” дагы 70 миң Кыргызстандын жараны бар.

“Биздин жарандардын 45-50 миңи соттун чечими менен аталган тизмеге кирген. 20 миң жаран Россиянын министрликтеринин жана мамлекеттик органдарынын чечими менен мыйзам бузуулары үчүн “кара тизмеге” кирген”, - деди Э.Абдылдаев.

Министр Дүйнөлүк чемпионат аяктагандан кийин Кыргызстандын жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу процесси улана тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий