• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

1-июндан тарта үч документ киргизилген мобилдик тиркеменин ишке кирүүсү күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 1-июндан тарта үч документ киргизилген “Санарип документ” мобилдик тиркемесинин ишке кирүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, президенттин жарлыгына ылайык, “Санарип документ” деген мобилдик тиркеме иштелип чыккан.

“Ал жакта 3 документ: ID-карта, айдоочулук күбөлүк жана транспорт каражатын каттоо күбөлүгү (техпаспорт) болот. Үйдө унутуп же жоготуп алсаңыздар мобилдик тиркеме аркылуу колдоно аласыздар. Бул долбоор жакында, 1-июнда ишке кирет”, - дейт ал.

Мамбеталиев 1-майдан 31-августка чейин 5 категориядагы жарандарга акысыз паспорт берилерин айтат.

“Бүгүнкү күндөн баштап ал иштер аткарыла баштады. Ошондой эле жарандар 1-июндан баштап акысыз негизде унааларын каттоодон өткөрө алат”, - деди Каттоо кызматынын төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий