• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

1-июндан тарта Ысык-Көлгө эс алууга барууга болот – Жаманкулов

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. 1-июндан тарта Ысык-Көлгө эс алууга барууга болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Маалымат жыйында ага Ысык-Көлгө туристтик сапарларды уюштурууга болобу деген суроо узатылды.

"Бардык объекттер 1-июндан тарта ишин башташы керек. Албетте, санитардык талаптардын аткарылышы боюнча комиссия чыгып текшерет. Бирок 1-июндан тарта Ысык-Көлгө барууга болот", - деди ал.

Аны менен бирге ал кичи автобус, автобустарда коронавирустун жугуу тобокелдиги көбүрөөк болгондуктан туристтик сапарларды уюштурган фирмаларга эс алуучуларды 3-4 орундук жеңил унаалар менен ташуу сунушталарын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий