Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн, 1-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +25...+30, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл облусунда +21...+26, Нарын облусунда +16...+21 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +28...+30 градуска жетет.
Пикир
Оставить комментарий