• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

1-июнга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Эртең, 1-июнда өлкө аймагында түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33 градус, Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31​ градус болот.

Ал эми Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24, Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 градус болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33 градус болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 16…18 градус, күндүз 31…33 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий