• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

1-майдан тарта айрым ишканалар иштей баштайт. Аларга кандай талаптар коюлат?

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 1-майдан тарта иштей турган ишкана-мекемелерге кандай санитардык-эпидемиологиялык талаптар коюлары тууралуу айтып берди.

Ал, 1-майдан тарта жана андан кийин кайсы мекеме-ишканалар иштей турганын айтып, алар ишин кайра баштаганда кандай талаптар коюлары тууралуу сөз кылды.

"1-майдан тарта энергетика, мунай газ, текстиль, булгаары, эмерек өнөр жайы жана башка тармактар ишин баштайт. Буга байланыштуу бул ишканалардын жетекчилерине жана ал ишкана-мекемелердин кызматкерлери үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптар иштелип чыкты. Ар бир ишканада кызматкерлердин дене табын текшерген, оорунун кайсы бир белгилери – мисалы жөтөл, баш оору ж.б. боюнча сурамжылоо кылган жооптуу адам болот. Кайсы бир инфекциялык оорунун белгилери бар кызматкерлерди жумушка келтирбөө керек. Сырттан келген адамдар жана кызматкерлер өз иш ордуна беткап же респиратор тагынып келиши шарт. Ал ишканаларда 5-15 күндүк дезинфекциялоочу каражаттарынын запасы болушу керек. Тазалыкты караган кызматкерлерге дезинфекциялоо чаралары күчөтүлгөндүгү боюнча көрсөтмөлөр берилиши зарыл: өндүрүш имараттарын, анын ичинде иш орундарды, андагы шайман-жабдыктарды, телефон, дааратканаларды ж.б. дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалап-жуу. Ишин баштай турган ишканалардын жетекчилерине ишкананын кире беришинде санитайзерлерди орнотуу, колду туура жуу тууралуу эскертмени илүү, кызматкерлерин жеке гигиена каражаттары – суу самын, дезинфекциялоочу, кол аарчы, антисептиктер менен камсыз кылуу милдети жүктөлөт. Ишкана жетекчилери кызматкерлерин беткаптар менен камсыз кылышат. Ошол эле учурда аны туура колдонуу керек. Беткапты тагынганда бет менен беткаптын ортосу ачык болбошу кажет. Беткапты кийип жүргөндө аны кармабоо керек. Колдонулган беткапты кармагандан кийин колдуу самындап жууп, колду антисептик менен сүртүү абзел. Беткап ным же кир болуп калганда жаңысың кийүү зарыл. Колдонулган беткаптарды утилизация кылуу үчүн ишкана жетекчиси шарт түзүшү зарыл. Андан тышкары ишканада кызматкерлер ортодогу аралыкты – иш орундарында 1,5-2 аралыкты сакташы абзел. Ал ишканалардагы ашканадан тамактануунун тартибин түзүү зарыл. Имарат ичиндеги абанын кирип-чыгышына шарт түзүү керек. Вентиляция болбогон учурда иш бөлмөсүн күнүнө 4-5 ирет 15 мүнөттөн желдетип туруу зарыл. Мүмкүндүк болушунча ашканаларда бир жолу колдонулуучу идиштерди пайдалануу кажет. Андай идиштер болбосо идиштерди дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоо керек. Бул негизги эпидемиологиялык сунуш жана талаптар", - деди ал.

Акматова 1-майдан тарта чач-тарачтар иштеп баштай турганын айтып, алар да аталган санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарышы керектигин эскертти.

"Жумушка келгенде дене-табы ченелип, оорунун белгилери бар-жоктугу тууралуу сурамжылоо жүргүзүлүшү зарыл. Үйүндө дене табы көтөрүлгөн туугандары болбошу керек. Ошондой эле кардарларды алдын ала жазып алуу менен кабыл алышы кажет", - деди ал.

Аны менен бирге ал өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда соода түйүндөрү иштеп турганын жана азыр да ишин уланта берерин айтып, алардын имараттарынын кире беришинде санитайзерлер орнотулуп, ал жерге келгендер беткап тагынышы керектигин белгилеп өттү.

"Соода түйүндөрүнүн жетекчилери келген адамдардын көп топтолуп калышына жол бербей, алардын ортосунда 1,5-2 метр аралык сакталышына шарт түзүшү керек. Дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен тазалоо иштерин жүргүзүү зарыл. Ошондой үч күндө бир дезинфекциялоочу каражаттар менен жалпы тазалоо иштерин жүргүзүү керек. Дүкөндүн кире беришинде дезинфекциялоочу аралашмага чыланган килемче турушу керек. Акча менен иштөөдө соода түйүндүн кызматкерлери сөзсүз беткап жана кол кап кийиши зарыл. Кийинки маалымат жыйындарда алдыда ишин жандандыра турган ишкана-мекемелерге кандай санитардык-эпидемиологиялык талаптар жана сунуштар болору тууралуу маалымат беребиз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий