• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

1-майга чейин өлкөнүн бардык аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 28-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 28-апрелинен 1-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 28-29-апрелде Талас өрөөнүндө, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

28-апрелден 1-майга чейин абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө 8…13°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, Ысык-Көл ойдуңунда 7…12°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 4…9°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

29-апрелден 1-майга чейин Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° суукка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

2017-жылдын 28-апрелинен 1-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошого байланыштуу жана мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга тез чара көрүү максатында Жарандык коргонуунун кызматтарынан күч-каражаттарды даярдыкта кармоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан калкка маалымдоо жана түшүндүрүү иш чаралары уюштурулуусу талап кылынат.

2017-жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 132-136 чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 71-74-чакырымдары, Каракол-Энилчек унаа жолунун (Чон-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Барскоон жана Сөөк ашуусу) 60-68-чакырымындары, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдары, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдары, Балыкчы-Казарман альтернативдик унаа жолунун Көк-Арт ашуусунун түштүк порталы (339-341чакырымдары) жана түндүк порталы (325-334 чакырымдары) ошондой эле Кочкор районунун Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун (Калмак-Ашуу ашуусу) 33-чакырымы кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий