• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

1-марттан тарта бардык мамкызматкерлер кыргыз тилин билүү тестин өтүүсү керек

Коом 0

Бишкек, 01.03.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2018-жылдын 1-мартынан тарта бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тилин билүү боюнча тест тапшыруулары керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.

Анын айтымында, 5 айдын ичинде бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тестирлөөдөн өтүшөт.

“Кыргызтест” дүйнөлүк талаптарга жооп берет”,-деди ал.

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү чечим өкмөт тарабынан 2017-жылдын ноябрында кабыл алынган.

Тестирлөөнү милдетүү түрдө “Кыргызтесттин” расмий сайтында онлайн режиминде өтсө болот.

Онлайн түрүндө өткөн тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тилди билүү атайын шкала менен бааланат - А1, А2, В1, В2 жана С1.

Пикир

Оставить комментарий