• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

1 млн 364 644 метр унаа жолдор дезинфекцияланды - ӨКМ

COVID - 19 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өткөн сутка ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тарабынан аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат:

- 3-апрель күнү өлкө боюнча 1 млн 364 644 метр унаа жолдор дезинфекцияланды;

- ӨКМ тарабынан жалпысынан 12 077 орундук даярдалган;

- Обсервацияда жайгаштырылган жарандарга 3 маал ысык тамак-аш берилип жатат;
- Өлкө боюнча санитардык-карантиндик жана блок постторго ӨКМ тарабынан 120 даана чатыр жана 56 мобилдик турак-үй орнотулган;

- 112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 8220 чалуулар түшкөн, анын ичинен коронавирус боюнча 972 чалуу, ал эми 3569 максатсыз чалуулар;

- Өзбек Республикасы тарабынан жөнөтүлгөн гуманитардык жардам (ун жана медициналык каражаттар) ӨКМ тарабынан кампаларга жеткирилди;

- КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Сулайманов тарабынан берилген 1000 даана коргоочу костюмдар (L1) кабыл алынып, региондорго жеткирилүүдө. Аталган коргоочу костюмдар республиканын аймагындагы санитардык-карантиндик посттордо иштеп жаткан ӨКМдин, ИИМдин жана медицина кызматкерлерине таратылат;

- ӨКМ тарабынан 324 куткаруучу жана 96 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий