• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

1 млн 725 миң сом өлчөмүндө битир-садака таратылды

Коом 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Кечээ, 13-июнь күнү Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы жардамга муктаж 575 жаранга 1 млн. 725 миң сом битир-садака таратты. Бул тууралуу Дин башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

"Муфтиятка калктын аярлуу катмарынан жардам сурап, Рамазан айында арыз менен кайрылгандардын саны 575 адамды түздү. Мунун негизинде атайын түзүлгөн комиссиянын көзөмөлү менен колунда жок, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген ар бир жаранга 3 миң сом өлчөмүндөгү жардам чегерилип, жалпы суммасы 1 миллион 725 миң сом таратылды", - деп билдиришти муфтияттан.

Дин башкармалыктан белгилешкендей, чогултулган битир-садаканын 50 пайызы жергиликтүү мечиттерде, 15 пайызы райондук хатибияттарда, 15 пайызы облустук казыяттарда жана 20 пайызы муфтиятка бөлүнөт.

Пикир

Оставить комментарий