• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

1 млн сом талап кылган. Финпол «Ошэлектр» ишканасынын мурдагы директорун кармады

Укук тартиби 0

Бишкек 21.01.21. /Кабар/. 1 миллион сом опузалап пара талап кылууга шектелип «Ошэлектр» ААКтын мурдагы башкы директору Дыйканбай Даминов кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финансы полициясы) билдирет.

Маалыматка ылайык, Финполго «Б» ЖАКтын директору «Ошэлектр» ишканасынын жетекчилигине карата чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган, ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, мамлекеттин жана бизнес өкүлдөрүнүн кызыкчылыгына каршы келип, аталган ААК аткарган иши үчүн пара түрүндө акча каражаттарын опузалап талап кылган.

Бул факт Кылмыштардын жаран жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинде (опузалап пара алуу) каралган кылмыш белгилери боюнча катталган.

«Б» ЖАКтын өкүлдөрү утуп алган тендер боюнча буга чейин аткарылган иштери үчүн 6 миллион сомго жакын карызды төлөө талабы менен «Ошэлектр» ААКга кайрылгандыгы, андан кийин «Ошэлектр» ишканасынын директору пара түрүндө жеке банктык эсепке 1 миллион сом которуу талабын койгондугу аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 20-январында «Ошэлектр» ААКнын мурдагы башкы директору Даминов Дыйканбай Исабаевич өзгөчө ири өлчөмдө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалып, кийин Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий