• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

1-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Эртең, 1-ноябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19, Талас түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында болсо абанын температурасы түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20 градуска жетет.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 градус, күндүз 16…18 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий