• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

1-ноябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Эртең, 1-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...6,

Нарын облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...6,

Талас облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...5,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 4...9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...+3, түнкүсүн 2...7.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан жаап, карга айланат. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 3…5 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий