• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

1-октябрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушу болот

Коом 0

Бишкек, 26.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 1-октябрында Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи утушун өткөрөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара "Ала-Тоо 24" телеканалында жана Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Саат 16:00дө башталат.

Бүгүнкү күндө лотереяга 130 миң адам жана жалпы суммасы 11,1 млрд сомго 16,6 млн лотереялык ID-билеттер катышып жатат.

Экинчи турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 1 автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон жана 16 даана ар кандай тиричилик техникалары ойнотулат.

Лотереянын катышуучусу болуу үчүн "Салык Чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алуу, каттоо жол-жобосунан өтүү жана кассалык чектеринин QR-кодун сканерлөө зарыл.

Салык кызматы жарандарга товарларды же кызматтарды сатып алууда кассалык чекти талап кылууну сунуштайт, анткени алардын ар бири катышуучунун жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат!

Салык кызматынын акциясына кошулуп, баалуу байгелердин ээси болуңуз!

Лотереянын расмий сайты: lottery.salyk.kg

Пикир

Оставить комментарий