• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

1-октябрдан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин максималдуу айлык акысы 30 миң сомду түзөт – ССМ

Экономика 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын 1-октябрынан тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин максималдуу айлык акысы 30 миң 4 сомду түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, минималдуу тажрыйбасы бар үй-бүлөлүк дарыгер максималдуу түрдө 22 миң 704 сом, орточо тажрыйбасы менен дарыгер 25 миң 104 сом, чоң тажрыйбасы бар дарыгер 30 миң 4 сом айлык акы алат.

Ошол эле учурда минималдуу тажрыйбасы бар дарыгерлердин орточо айлык акысы 16 миң 871 сомду, орто тажрыйбасы бар дарыгердики 19 миң 271, чоң тажрыйбалуу дарыгердики 24 миң 171 сомду түзөт. Минималдык тажрыйбасы бар дарыгердин минималдуу маянасы 11 миң 658 сом, орточо тажрыйбасы бар дарыгердики 14 миң 85 сом, чоң тажрыйбасы бар дарыгерлердики 18 миң 985 сомду түзөт.

“Дарыгерлер тажрыйбасы боюнча үч категорияга бөлүнөт. Минималдуу – тажрыйбасы жок дарыгер, орточо – 30 жылга чейин тажрыйбасы бар дарыгер, чоң тажрыйба – 30дан көп жыл тажрыйбасы бар дарыгер. Дарыгерлердин алмашпай турган кепилденген төлөмдөрү болот: 6 миң 500, 8 миң 900 жана 13 миң 800. Бул суммаларга жасаган жумушуна байланыштуу жумушту балл менен баалоо системасы аркылуу акча кошулат. Максималдуу айлык акы, тагыраак айтканда, 100 пайыз кошумча төлөм 16 миң 204 сомду түзөт, орточо төлөм (64 балл) 10 миң 371 сом, минималдуу төлөм (32 балл) 5 миң 185 сомду түзөт”, - деди ал.

Саламаттык сактоо министри билдиргендей, дарыгерлердин жумушун баалап, көз салууну автоматташтырылган система аркылуу ишке ашырышат.

“Азыр алар кол менен толтурушкан карталар эми электрондук болот. Ар бир күн тууралуу маалымат системага киргизилет. Айдын жыйынтыктары боюнча бухгалтер айлыктарды которот”, - деди ал.

1-октябрдан 2018-жылдын аягына чейин 157,5 миллион сом бөлүнүп берилген. 2019-жылга карата 630 миллион сом коюлган.

Жалпысынан Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлердин 3306 штаты бар.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Марат Калиевдин айтымында, бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк медициналык кызматтын дарыгери эң популярдуу эмес багыт.

Пикир

Оставить комментарий