• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

1-октябрдан тарта пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылат

Өкмөт 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүгү жогорулатылат. Бул туурасында бүгүн брифингде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо жөнүндө токтом менен пенсиянын базалык бөлүгүн 105% га өсүшү, же 100 сомго индексациялоо каралууда. Ошону менен бирге эгерде пенсиясынын жалпы өлчөмү 4286,7 сом өлчөмүндөгү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат. 261,8 миң пенсионерге, башкача айтканда пенсионерлердин жалпы санынын 38 % үчүн жогорулатылат.

Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө токтом менен төмөнкүлөр каралган:

- 2020-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентин 1,07 өлчөмүндө бекитүү;

- пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн 1,07 коэффициентине, бирок жалпы өлчөмү өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан 4286,7 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн 200 сомдон кем эмес жана жалпы өлчөмү 4286,7 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар үчүн 360 сомдон кем эмес индексациялоону жүргүзүү.

Индексациалоонун жыйынтыгы менен пенсиялардын өлчөмдөрү орточо эсеп менен 107% га өсөт. Натыйжада, өлчөмү 4286,7 сомдон ашпаган пенсиялар эң аз дегенде – 300 сомго, ал эми өлчөмү 4286,7 сомду түзгөн жана андан ашкан пенсиялар эң аз дегенде 360 сомго жогорулатылат.

Пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 397 сомго жогорулап, пенсиянын орточо өлчөмү 6061 сомду түзөт.

689,0 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого – 827,8 миллион сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө – 75,2 миллион сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 752,6 миллион сом кошумча керектелет.

Пикир

Оставить комментарий