• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

1-октябрдан тартып аскерлерге жана укук коргоо орган кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрү жогорулайт

Президент 0

Бишкек, 19.09.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин материалдык жыргалчылыгын жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын аскердик кызмат жана укук коргоо органдарында кызмат өтөө милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

  • 2022-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатсын;
  • Бул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.

Пикир

Оставить комментарий