• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

COVID-19. 1-октябрга чейин 15 миң адамды дарылоого эсептелген дары-дармек сатып алынат

COVID - 19 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. 1-октябрга чейин коронавирусту дарылоодо колдонулган 15 миң адамга эсептелген дары-дармек келет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттен дары-дармектердин стратегиялык запастарын түзүү үчүн Материалдык резервдер фондуна каражат бөлүнүүдө.

"Учурда жумушчу топ иштеп жатат. Жакынкы күндөрү сатып алуу процедуралары жүргүзүлөт. 1-октябрга чейин дары-дармектердин стратегиялык запасын түзөбүз", - деди ал.

Ал билдиргендей, андан тышкары дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттардын 3 айлык запасын түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий