• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

1-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 26.09.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 27-сентябрдан 1-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

27-сентябрда жана 28-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Талас облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

29-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

30-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-сентябрда күндүз жана 1-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-сентябрда күндүз жана 28-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз жаан жаашы күтүлөт.

28-сентябрда бир аз жаан жаашы мүмкүн.

29-сентябрда жана 30-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

30-сентябрда күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн.

1-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

27-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

29-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-сентябрда күндүз жана 30-сентябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

30-сентябрда күндүз жана 1-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-сентябрда күндүз жана 28-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-30-сентябрларда жана 1-октябрда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

27-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-сентябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

29-сентябрда күндүз, 30-сентябрда жана 1-октябрда кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-сентябрда күндүз жана 28-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

27-сентябрда жана 28-сентябрда түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

28-сентябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

29-сентябрда түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын жаашынын ыктымалы аз.

30-сентябрда жана 1-октябрда бир аз жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-сентябрда күндүз жана 28-сентябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

27-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

28-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

28-сентябрда күндүз жана 29-сентябрда кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-сентябрда күндүз жана 1-октябрда кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-сентябрда күндүз жана 28-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий