• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

1-октябрга карата Кыргызстанда пенсионерлердин саны 735,7 миң адамды түздү

Коом 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. 1-октябрга карата Кыргызстанда пенсионерлердин саны 735,7 миң адамды түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, пенсиялар Социалдык фонддун бюджетинде каралган каражаттардын алкагында жыл сайын индексацияланат.

"Пенсионерлердин турмуш деңгээлин колдоо максатында 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин, ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га жогорулады. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 1-октябрга карата пенсионерлердин саны 735,7 миң адамды түздү. Боло турган пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы боюнча жалпы пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түздү, бул жыл башындагы пенсиянын өлчөмүнөн 33%га же 1988 сомго жогору", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 735,7 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 4 424,3 млн сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 3 083,0 млн сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 1 341,3 млн сом кошумча керектелет.

Пикир

Оставить комментарий