• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

1-октябрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-4-октябрларында өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эртең, 1-октябрда, абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 6 … 11, күндүз 12 … 17 градус, Талас облусунда түнкүсүн 3 … 8, күндүз 11 … 16 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5 … 10, күндүз 14 … 19 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 3 … 8, күндүз 13 … 18 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ал эми, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 10 … 15, күндүз 20… 25 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкекте 1-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүзү 14…16 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий