• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

1-октябрга карата РКӨФ 283,5 миллион долларга 1,5 миңден ашуун долбоорду жактырды

Экономика 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. 1-октябрга карата Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду 283,5 миллион долларга 1 миң 566 долбоорду жактырды. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Анын 23,6 пайызы агро өнөр жай комплексине, 31,5 пайызы өндүрүш тармагына, 11,6 пайызы инфраструктураны өнүктүрүү тармагына кеткен.

Андан сырткары 12,5 пайыз транспорт жана логистикага, 12 пайыз туризм, башка чыгымдар, 6,7 пайыз банк лимиттерине, 1,7 пайыз IT жана байланышка, 0,5 пайыз финансылык ишмердүүлүккө кеткен.

Караколдо эң көп долбоор ишке ашкан – 330 долбоор. Экинчи орунда Бишкек турат – 299 долбоор. Ошто 283, Жалал-Абадда 199. Эң аз долбоорду фонд Талас облусунда каржылаган.

Пикир

Оставить комментарий