• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

1-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 17 млрд 59 млн метр куб суу топтоо пландалууда

Коом 0

Бишкек, 08.07.19 /Кабар/. Ушул жылдын январь-май айында электр энергиясы, буу, газ менен камсыздоодо өндүрүштүн көлөмү 17 млрд. сомду түзүп, 3,3%га азайган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин төрагасынын кеңешчиси Бакыт Сыдыков билдирди.

Ал белгилегендей, суу жана буу иштетип чыгуу 9,6%га, буу жана ысык суу менен камсыздоо 15,7%га, электр энергиясын бөлүштүрүү жана сатуу 5,6%га төмөндөгөн.

Аталган убакытта электр энергиясын иштеп чыгаруу 6 млрд. 937,1 млн. кВт/саат болгон. Ал былтыркыга караганда 166,9 млн. кВт/саатка аз. Анын айтымында, анын азайышы жылуу аба ырайы, ички керектөөнүн азайышына байланыштуу болгон.

Ошондой эле 1-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 17 млрд. 59 млн. метр куб суу топтоо пландалып жатканы айтылды.

Жылуулук энергиясынын көлөмү 1 млн. 373,5 миң Гкал. болгон. Ал да өткөн жылга салыштырмалуу аз. Анын себеби, жылуулук сезону эрте аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий