• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

COVID-19: 1-сентябрдан тарта Өзбекстан эпидемиологиялык абалы туруктуу өлкөлөрдүн тизмесине кирет  

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.08.20./Кабар/. Өзбекстан 2020-жылдын 1-сентябрынан тарта коронавирус инфекциясынын жайылышы төмөндөп, эпидемиологиялык абалынын турукташуусу байкалган чет мамлекеттердин тизмесине 32-өлкө болуп киргизилет. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги маалымдайт.

Белгилй кетсек, 30-августка карата Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 41 миң 303 адамга жеткен.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, илдеттен 38 миң 359 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 311 бейтап каза болду. 2 миң 633 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 276 адамдын абалы оор болсо, 138инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий