• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

СИЗО-1 камактагы адамда шампундун идишинен 2 шприц табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. СИЗО-1 Караколдон келген соттолгондорду пландык текшерүү учурунда камактагы адамдан шампундун идишине салынган бир жолу колдонулуучу 2 шприц табылган. Бул тууралуу КР МЖАК басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 9 жылга эркинен ажыратылган 24 жаштагы В.С. шприцинде өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат болгон.

Бул факт боюнча материалдар МЖАКтын тергөө башкармалыгына юридикалык баа берүүгө өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий