• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

1 суткада 4 адам «ботулизм» диагнозу менен ооруканага жаткырылган – ССМ КР

Ден соолук 0

Бишкек, 30 марта /Кабар/. 29-30-мартта жугуштуу оорулардын Республикалык клиникалык ооруканасына ботулизм менен ооруган 4 адам катталган. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, ооруну жуктуруп алгандардын экөөсү ооруканага тез жардам кызматы аркылуу келген. Ботулизм белгилери бар дагы 2 адам өз алдынча кайрылышкан. Эпидемиологиялык анализдин жыйынтыгында, жугуштуу оорулар бөлүмүнө кечээ түшкөндөрдөн 15 адам үй шартында туздалган бадыраң жана бул ингредиент кошулган тамак-аш жешкендиги аныкталган.

Медициналык кызматка кайрылган бейтаптарга ботулизмге каршы сары суу экстрендик терапия жасалып, андан соң 3 адам клиникалык бөлүмгө, бирөө оор абалда калыбына келтирүү жана интенсивдүү дарылоо бөлүмүнө жаткырылышты.

Министрлик ботулизм азык-түлүк токсикоинфекцияларынын ичинен эң оору экендигин жарандарга эскертет. Инфекцияны үй шартында жасалган консервалар, туздалган жашылчалар, туздалган балыкты колдонуу аркылуу жугузууга болот.

Ботулизмдин инкубациялык мезгили чанда гана 1 суткадан ашат, көбүнчө, бир нече (4-6) саатты түзөт. Бирок, кээде бир жумадан 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн.

Ботулизмдин кеңири жайылган алгачкы белгилери: көңүл айлануу жана кусуу, диарея, ооз көңдөйүнүн кургашы, тамак жутканда ооруну сезүү, кулак чуулдап, көз караңгылоо, көздүн көрүүсүнүн начарлашы, булчуңдардын алсыздыгы.

Ботулизмдин коркунучтуу баштапкы белгиси абанын жетишсиздиги болуп саналат. Ал тез жайылып, 3-4 сааттан кийин өлүмгө да алып келиши мүмкүн. Оору күч алган сайын суюктукту жута албай калат. Бейтаптар дем алуу жолдоруна былжыр жана суюктук кирсе тумчугуп калат. Ботулотоксин мимикалык булчуңдардын шал болуусун жана алсыздыгын шарттайт.

Ботулизм менен ооругандар стационардык шарттарда гана дарылана алышат. Жада калса, ботулизмге шектенүү да ооруканага жаткырылуунун жетиштүү негизи болуп саналат. Дарыгер келгенге чейин алгач ашказанды кайнатылган суу, андан соң 2% сода аралашмасы менен жууш керек. Оорулуу суюктукту көп ичүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий